Барак Обама: "АКШ менен кыргыз өкмөтүнүн мамилесинин бекемделишин чыдамсыздык менен күтөм"

АКШнын президенти Барак Обама мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин 31-Август - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. 
"Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган мамлекеттердин бири. Ошондон бери эки өлкөнүн жарандары көп жылдарга улана турган өнөктөштүктү түзүштү. Акыркы 24 жылдын ичинде АКШ сиздин өлкөнүн экономикалык жана саясий жактан өнүгүшүн колдоп келди. Ошондой эле биз аймактык коопсуздук, терроризм жана адам сатууга каршы күрөшүүнү биргеликте бекемдедик",- деп айтылат куттуктоодо. 
Обама сөзүн: "Алдыдагы жылдарда биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн кызматташтыгы жана элдерибиздин достугу бекемделишин чыдамсыздык менен күтөм",- деп жыйынтыктайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан