Кудайберген Базарбаев, министр: "Пенсионерлерге жакшы кам көрүүгө болушунча аракет кылып жатабыз"

"Кыргыз мамлекетинде азыркы учурда 590 миңдей пенсионер бар, мунун 435 миңи улгайып калган жарандар. Социалдык өнүгүү министрлиги бул категориядагы жарандарды максималдуу түрдө колдоого аракет кылууда",- деп билдирди социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев. Министр коомдук уюмдардын биринин башчысы менен жолугушууда социалдык жактан колдоого муктаж жарандардын укугу электр энергиясынын жаңы тарифтерин бекитүүдө эске алынганын белгиледи. 
"Былтыр улгайган жарандар үчүн аймактарда борборлорду ачууну баштаганбыз, карылар ал жерлерде өз алдынча иштери менен алектене алышат. Азыркы учурда Бишкекте мобилдүү топторду түзүп жатабыз. Бригаданын адистери кары-картаңдарга майда турмуш-тиричиликтик оңдоо иштеринде акысыз кызмат көрсөтүшөт",- деди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан