ЭЛДИК КАБАР: Президенттин кубогуна арналган мелдеште унаалар тескери илинген кыргыз желеги менен жүрүштү

"Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин финалы өттү. Анда үч унаага кыргыздын желегин тескери илип алып айдап жүрүштү. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө туунун тескери илиниши өкүндүрөт. Жайнаган элден бири да басып барып оңдоп койгон жок",- деди 31-августта SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу байланышкан окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кыргыз туусун тескери көтөргөндөр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Мэри
2015-08-31 17:29:22
А сизчи, окурман? Барып оңдодуңузбу анан?
+3
myshka406
2015-08-31 17:31:21
Мэри, ошону ондосун деп жазып жатат да
0
Мэри
2015-09-01 16:51:25
myshka406, "...жайнаган элден бири да басып барып оңдоп койгон жок" деп текстте айтылып жатпайбы, бул ошого жараша берилген суроо да...
0
friendwipkg
2015-08-31 18:35:09
тескери илингени кандай? желектин оң-тескериси болобу?
-1
Dadasdasd
2015-08-31 19:43:34
friendwipkg,желектеги тундук ылдыйды карап турат.
+2
friendwipkg
2015-09-01 13:26:35
Dadasdasd, түндүктүн жогору ылдыйы болбош керек, түндүк боз үй үстүндө вертикально турат.
0
modem4999
2015-08-31 18:47:31
Андыганынар эле желекпи?
+1
fanatka19
2015-08-31 18:57:55
Элдик кабар чыкканы,желек м.н эле авто кырсыкты аңдып калышты окшойт.) Андан көрө жанына басып барып айтып койуш керек эле.
+2
elgiz0890
2015-08-31 20:27:40
эчким корбосо экен мен биринчи элдик кабарга жонотойун дебей озун барып туура эмес илинип калыптыр деп койда
+1
bakyt_2015
2015-08-31 20:47:09
Мына суйлосок президентке акыл салып асманды гана суйлойбуз. Озубуздун денгээлибизди жогорку жазган коммент ээлеринен билип ал. Эмне деген тушунук ушул,анан кайда учабыз дейбиз биз ушул тейибиз менен. Же башчыбызды сыйлаганды билбесек,же желекти сыйлап желек эмне экенин билбесек,же озубуздун кем тушунугубузду баарына жарыялабай ичине сактап кала албасак биз кимбиз тушунбойм. Же тушунуп тушунбой ойду тоону айткандан уялбайбыз,же окуп билип кругозорду остургонго жарабайбыз.
-1
7.patriot
2015-08-31 22:07:01
Бул кайдыгерлик
0
tursunbaev2004
2015-09-01 00:27:42
Айпери Ганыжан кызы сен барып айтып койбойсунбу элдик кабарга жонотуп Американы ачкансыбай
-2
jazgul80
2015-09-01 03:07:28
Желектен бироо утту Смартфон болду эми башка жанылык издегиле. Бир желеке эле жабышып алдынарго. Ан сезимди жогорулатып жакшыраак ойлонуп жанылык издегиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан