Жылнаама, 1-сентябрь: Мындан 11 жыл мурун Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепти террорчулар басып алышкан

* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы төкмө акын, КРнын Эмгек сиңирген артисти (1983), Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1991) Замирбек Үсөнбаев Бишкек шаарында туулган. Ал 1978-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1968-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштей баштаган. 1991-жылдан тарта филармониядагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси болуп эмгектенген. Ошол эле мезгилде 1991-жылдан баштап Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда акындык өнөр боюнча сабак берет.

Үсөнбаевдин талантынын калыптанышына атасы Алымкул төкмөнүн, айрыкча энеси Назимдин таасири өтө күчтүү болгон. Өзүнүн "Комузчуларга", "Улууларды эскерүү", "Жаштар жөнүндө терме", "Нан жөнүндө" жана башка чыгармалары бар. Токтогул, Эшмамбет, Жеңижок, Алымкул, Калык, Осмонкул, Ысмайылдын чыгармаларын, термелерин, айтыштарын аткарып келген. "Замирбектин ырлары" аттуу ырлар жыйнагы 1986-жылы жарык көргөн.

* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы ЖКнын экс-депутаты, ишкер Жыргалбек Сурабалдиев Сокулук районунун Асылбаш айылында туулган. 1980-жылы Кыргыз дене тарбия институтун, 2000-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүрүп, эки адистикке: машыктыруучу жана юрист кесибине ээ болгон.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, көптөгөн Ардак грамоталардын жана Даңк медалынын ээси Жыргалбек Сурабалдиев өзүнүн эмгек жолун Сокулук районундагы Белогорка айылында совхоздо айдоочу болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң республикалык "Динамо" коомунда кеңешчи, машыктыруучу, окутуучу, Мамлекеттик туризм жана спорт комитетинин директору болгон. Акыркы 7 жылда жеке ишкердик менен алектенген.
2005-жылы 10-июнда саат 13:00 чамасында Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевге кол салуу болуп, ал атылган октон каза болгон. Депутатты Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Орус драма театры, "Илим" борбору жана К.Баялинов атындагы китепкана орун алган маданий борбордун жанынан атып кетишкен.
* Мындан 92 жыл мурун, 1923-жылы Японияда күчү 8,3 баллга жеткен жер титирөө болуп, зилзаладан жана андан улам пайда болгон өрттөн Токио, Йокогама, Канто жана башка ондогон шаарлар толугу менен кыйрап калган. Токионун 40 миңге жакын жашоочулары айттырбай келген кырсыктан сактануу үчүн шаар сейил багына бет алышкан. Бирок 2 миңи гана аман калып, калгандарынын баары айлананы курчаган түтүнгө ууланып о дүйнөгө узашкан. Жалпысынан 174 миң адам каза болуп, 542 киши дайынсыз жоголгон жана 3,5 миллион адам үй-жайсыз калган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепти террорчулар басып алышкан. Алар үч күн бою окуучулар менен ата-энелерин, жалпы 1200дөй кишини барымтада кармап турушкан. 3 күндөн кийин күч органдары барымтадагыларды бошотуу операциясын уюштуруп, мектепке чабуул жасап, террорчулар жок кылынган. Бирок андан 336 адам көз жумса, алардын 186сы мектеп окуучулары болгон.
1-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан