Бүгүн, 1-сентябрда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө жаңы окуу жылы башталды. Мындан улам ата-энелер өз баласынын мектепке барып келиши тууралуу кабатырланат. Бирок кээ бир өлкөлөрдө окуучулар үчүн мектепке барчу жол экстрим менен айкалышат.
Орусиянын Ыраакы Түндүгүндө жашаган окуучулар Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак менен мектепке жылына эки ирет барып келип окушат. Жайкысын тундрада балдар ата-энесинин жанында бугу багып, салттарын эстеп жашашат. Ал эми август айынын аягы менен баары чогулуп тик учак менен кийинки кышкы каникулга чейин учуп кетишет.
Кытайдын Хунань провинциясынын Чжанцзяцзе айылы тоо боорунда жайгашкан. Бул жердин окуучулары мектепке баруу үчүн түз жол менен 4 саат, ал эми тоо бооруна илинген шатылар менен андан кыйла батыраак жетишет. Жергиликтүү жашоочулар бийлик өкүлдөрүнө бир нече ирет кайрылышкан, бирок өкмөт 100 адам үчүн 16 миллион доллар сарптай албай турганын билдирген. Мындан улам кичинекей балдар жерди карабаганга аракет жасап, кыйын жолду басып өтүшөт.
Кытайдын дагы бир Гуйчжоу провинциясынын Геньгуан кыштагында 20 окуучу мектепке барыш үчүн мындан 40 жыл мурун аска бооруна салынган жол аркылуу өтөт. Анын туурасы кээ бир жерлеринде 50 сантиметрге араң жетет.
Гуйчжоу провинциясынын тоолуу Декун айылынын тургундары өздөрү жасаган темир конструкциянын жардамы менен балдарын мектепке жөнөтүшөт. Күнүгө окуучулар 140 метр бийиктикте илинген кабинка менен 80 метр жерди басып өтүшөт. Аталган конструкцияны жергиликтүү жашоочу 2002-жылы ойлоп тапкан. Ал эми айланып өтүү жолу 5 саат убакытты алат.
Кытайлык Синьцзян-Уйгур автономдуу округунда окуучулардын мектепке карай жолу эки күндү алат. Айылдык балдар семестрлеп окуп, үйлөрүнө каникул учурунда гана барышат.
Индонезиялык окуучулар да кытайлык балдардан кем калышпайт. Ява аралындагы Суро жана Племпунян айылдарынын ортосундагы жол коркунучтуу көпүрөлөр жана токойлор аркылуу өтөт. Ал эми коопсуз жолдун узундугу 6 чакырым.
Филиппинде окуучулар мектепке чоң суу аркылуу унаа дөңгөлөктөрүнүн жардамы менен барышат.
Филиппиндин Булакан провинциясынын Лусон Борбордук аймагында окуучулар мектепке аркандан жасалган көпүрө аркылуу барышат.
Непалда 12 миллиондон ашуун жаран Гималай тоосунун астында жашашат. Алар күнүгө чоң суулардан аркан көпүрөлөр аркылуу өткөнгө мажбур.
Колумбиянын Рио-Негро суусуна жакын тропикалык жунглилерде жашаган тургундардын балдары мектепке тоо кыркаларын 400 метр бийиктикте бириктирген темир аркандар менен жол жүрүшөт. Окуучулар саатына 80 чакырым ылдамдыкты учуп өтүшөт. Ал эми токтоткуч катары алар ача жыгач колдонушат. Муну менен катар айта кетсек, жаш балдар “саякатын” баштыктарда улашат.
Вьетнамдын Дьен-Бьен провинциясынын Сэм-Лэнг айылынын жашоочулары быйылкы жылдын жаз мезгилинде көпүрөнүн кулашынан кийин окуучуларды чоң суудан полиэтилен баштыгына салып өтүшөт. Бул балдардын мектепке кургак барышы үчүн жасалат. Ал эми чоң класстын окуучулары мектеп формасын жана китептерди өздөрү баштыкка салып суудан сүзүп өтүшөт.