Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 1-сентябрда окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Министрлик жайында мектептерди даярдоо иштери жасалганын жана I чейректин ичинде мектептерди кошумча китептер менен камсыздоого бардык мүмкүнчүлүк жумшаларын билдирди.
Министр Эльвира Сариева быйылкы окуу жылы позитивдүү маанайда башталганын айтат. "Билим берүү кызматкерлеринин III курултайында бардык негизги маселелер боюнча чечим кабыл алганбыз: быйыл мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт, мугалимдик адистикке карата талаптарды жана категорияларды жаңылайбыз. Эң башкысы - мектеп программасын жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча маанилүү кадам таштаганы турабыз",- дейт министр.