ТИМ: Кыргыз өлкөсү Түштүк Азия мамлекеттери үчүн Евразиялык экономикалык мейкиндикке дарбаза болуп бериши мүмкүн

Кыргыз мамлекетинин Пакистандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Сагынбек Ибраев Лахор шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Иджаз Ахмад Мумтаз менен жолугушту. ТИМдин билдиришинче, жолугушууда кыргыз тараптын өкүлү пакистандык ишкерлерге Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы, өлкөлөр ортосундагы мамиленин азыркы абалы тууралуу маалымат берди. 
"Кыргыз өлкөсү бир учурда Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болуу менен Түштүк Азия мамлекеттери, Пакистан үчүн Евразиялык экономикалык мейкиндикке дарбаза болуп бериши мүмкүндүгү айтылды. Кыргыз тарап "Кытай-Пакистан экономикалык коридору" долбоорунун тезирээк ишке ашышына кызыкдар экени белгиленди",- деп билдирет ТИМ.  
Лахор шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Аткаруу комитетине КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен кызматташтык келишимине кол коюу сунушталды.  


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан