Алмазбек Атамбаев: "Балдар - өлкөнүн келечеги, мында мамлекетибиздин перспективасы жакшы"

1-Сентябрь - Билим күнүндө президент Алмазбек Атамбаев борбор калаадагы А.Каниметов атындагы №1-гимназия-интернатында болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы баарын майрамы менен куттуктап: "Бүгүн 107 миңден ашуун бала мектеп босогосун аттаганы турат. Алардын жашоосунда жаңы этап башталды. Мектептеги ар бир күн кубаныч жана жаңы ачылыштарды алып келсин",- деди.

"Балдар - өлкөнүн келечеги, мында мамлекетибиздин перспективасы жакшы. Алардын таланты татыктуу тарбия жана билим алганда ачылат. Мугалимдер жумушун сүйүп, жаңы муунду тарбиялоодо зор милдет турганын түшүнүүсү кажет",- деди А.Атамбаев.

Андан соң гимназия-интернатка компьютердик техника, мультимедиялык жабдууларды жана көркөм адабий китептерди тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан