Экономика министрлиги: Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча кескин реформалар жасалат

Өкмөттүн акыркы жыйындарынын биринде "Улуттук холдингдик компаниялар жөнүндө" жана "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды. Экономика министрлигинин билдиришинче, мыйзам долбоору мамлекеттик мүлктү башкаруу системин жакшыртуу максатында иштелип чыккан. 
"Тармактар боюнча мамлекеттик холдингдик компанияларды түзүү менен мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатында кардиналдуу реформаларды жасоо демилгеси колдоо тапты. Улуттук холдинг ачык акционердик коомдун жана коммерциялык уюмдун формасында түзүлөт. Мындай ыкмада иштөө менен мамлекеттик компаниялардын коммерциялык ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу пландалууда",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан