Европадагы мыйзамсыз мигранттардын маселеси курч бойдон калууда, качкындардын агымы дале токтой элек

Ушул тапта Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз кирип жаткан мигранттардын агымы токтой элек. Италиянын жээкти күзөтүү кызматы күн сайын жүздөгөн качкынды куткарып, андан соң убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырышат. Учурда качкындарды кабыл алуучу борборлор толуп турат. 
Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматына караганда, өткөн аптада Жер Ортолук деңизинде 5400 адам куткарылган, ошондой эле 55 адамдын жансыз денеси табылган.
Грецияга келген мигранттардын саны бир жумада 23 миңден ашса, Венгрияга Сербия тараптан 9400 адам кирген. Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан Венгрия аркылуу Австрияга дүйшөмбү күнү эле 3650дөй адам келген. Мигранттардын басымдуу бөлүгү Германияга барууну көздөгөндөр болгондуктан, кечээ Вена шаарынан көпчүлүк мигранттар чыгып кетишкен.
1. Мигранттардын агымына бөгөт коюу максатында Венгрия бийлиги бир канча убакытка ири бекеттердин биринин ишин убактылуу токтотту. 
2. Венгрия өткөн аптада Сербия менен чектешкен тилкелерине атайын зымдарды орнотту.
3. Венгрия аркылуу өтүп жаткан качкындар Германияга жакшы жашоо үмүтү менен кетишүүдө.
4. Венгер полициясы чек араны мыйзамсыз кесип өткөн сириялык качкындардын үй-бүлөсүн кармап жатат.
5. Будапешттеги бекет бир канча убакытка жабылганда жүздөгөн мигранттар поездге кире албай калышты. Учурда бекет кайрадан иштеп жатат.
6. Кечээ Будапешттеги качкындар баш калкалоочу борбордогу жүздөгөн мирганттар Австрия-Германия багытындагы поезд менен кетүүгө жетишишкен.
7. Евробиримдиктин чек ара аймагында жүрүүчү мигранттардын абалын аныктоо үчүн Венгрия Германияга кайрылган эле. Шенген макулдашуусуна ылайык, Венгриядагы мигранттар тийиштүү документтери, визасы болгондо гана өлкөдөн чыга алышат.
8. Венгер полициясы тийиштүү документи жок мигранттарды өлкө аймагынан чыгарбай жаткан. Бирок кызматкерлер жок учурда, дүйшөмбү күнү качкындар Вена, Мюнхен жана Берлинге бара турган поезддерге отуруп Венгриядан чыгып кетишкен.
9. 2015-жылдын башынан тарта Евробиримдиктин аймагына 340 миң мигрант кирген.
10.Эксперттердин айтымында, мыйзамсыз мигранттар маселеси - жер которуу боюнча Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки олуттуу каатчылык. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан