Жылнаама, 2-сентябрь: Мындан 51 жыл мурун америкалык актёр Киану Ривз туулган

* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев жол кырсыгынан каза болгон. 
Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына тапшырып, аны 1967-жылы бүтүргөн. 1966-1993-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, кийин башкы директору, ал эми 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият министри, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары, ошол эле учурда 1987-жылдан Кыргызстан Театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген. 
Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Чолпонбек Базарбаев Кыргызстан Ленин комсомолу (1977), Эл аралык “Мин Ои” (Япония, 1995), Эл аралык Ч.Айтматов атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.
 
* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы америкалык актёр Киану Ривз Ливандын Бейрут шаарында туулган. Анын чыгармачылыгы 9 жашында башталган. Алгачкы ийгилиги "Ромео жана Жульетта" спектаклинде Меркуционун ролу болгон. Кийин ал түрдүү жарнамалык түрмөктөргө жана кыска метраждуу тасмаларга тартылып баштаган. 
Анын чыгармачылыгына өгөй атасы, режиссёр Пол Аарондун кошкон салымы чоң болгон. Ал жаш Киануну кинопродюсер Эрвин Стофф менен тааныштырган. Анын жардамы менен 1999-жылы "Матрица", 2001-жылы "Таттуу ноябрь" тасмаларына тартылып, атактуулуктун даамын тата баштаган. Андан соң "Азезилдин жактоочусу" ("Адвокат дьявола"), "Ылдамдык" ("Скорость") ж.б. фильмдерде роль жараткан.
* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы мексикалык белгилүү актриса Сальма Хайек Мексиканын Веракруc штатындагы Коацакоалькос шаарында туулган. Актриса 1989-жылы биринчи жолу 23 жашында "Тереза" тасмасында башкы ролду ойногон. Кийин Голливудга келип, 1995-жылы Антонио Бандерас менен биргеликте "Отчаянный" аттуу фильмге тартылган. Латын америкалык эң ийгиликтүү актриса аталган Сальма Хайек "Одинокие сердца", "Бандитки", "Однажды в Мексике", "Дети шпионов 3: Игра окончена", "От заката до рассвета" сыяктуу 30дан ашуун тасмада роль жараткан. 
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы орусиялык актёр Алексей Чадов Москвада туулган. Мектепти аяктаган соң М.С.Щепкин атындагы Театралдык училищеге тапшырган. Алексей Чадов эң алгач Алексей Балабановдун "Война" тасмасында роль жараткан. Кийин "Ирония любви", "Мираж", "Дневной дозор", "9 рота", "Ночной дозор", "Игры мотыльков" ж.б. фильмдерге тартылган.
2-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан