Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2-сентябрда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жакшы ыргакта өнүгүп жатканын белгилешти.
Атамбаев кыргыз өлкөсү Советтер Союзунун курамында Экинчи дүйнөлүк согушта Кытай менен бир фронтто душмандарга каршы турганын белгилеп буларды айтты: "Бул кандуу согушта биздин элдер оор жоготууларга учурашты. Эртеңки парад биздин элдердин эрдигине ыраазычылык билдирүү катары бааланат".
Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунун аягында бир катар документтерге кол коюлду, алар:
- Кыргыз мамлекети менен Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосунда 2015-2020-жылдар аралыгында чек ара кызматташтыгы боюнча программа;
- Кыргыз мамлекети менен Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосунда кайтарымсыз грант берүүгө карата техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз мамлекети менен Кытайдын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2016-2017-жылдар аралыгында кызматташуу программасы.