
* Мындан 100 жыл мурун, 1915-жылы обончу, акын
Жумамүдүн Шералиев Ат-Башы өрөөнүнүн Туюк-Богошту айылында туулган. Ат-Башы райком комсомолунда, райаткомдо катчы, филармонияда солист, Республикалык радио уктуруу комитетинде редактор, Нарын шаардык Маданият үйүндө көркөм жетекчи, ошол жердеги Музыкалык драма театрынын музыка бөлүмүндө башчы болуп эмгектенген.
Ал 500дөн ашуун ар кыл жанрдагы ырларга обон жараткан. Белгилүүлөрү: "Бактылуу жаштык", "Кыргызстан", "Нарын вальсы", "Жибек чач", "Жаш чабан", "Сулуу кыз" ж.б. 1973-жылы Жумамүдүн Шералиевге "Кыргыз Эл артисти наамы" ыйгарылып, Ардак белгиси ордени жана башка медалдар менен сыйланган. Атактуу обончу жөнүндө китеп да жазылган. Жумамүдүн Шералиев 1994-жылы 15-мартта 79 жашында оорудан улам көз жумган.

* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы украиналык
"ВИА Гра" тобу негизделген. Продюсер Дмитрий Костюк "BIZ-TV" музыкалык-маанайшат телеканалында иштеп жүргөндө шоу-бизнеске өзгөчөлүк киргизүүнү кыялданып, ырчы Валерий Меладзенин бир тууган агасы Константин Меладзе менен таанышкан. Ага жалаң кыздардан же балдардан турган топ түзүүнү сунуштаганда Меладзе макулдугун берген. Ошентип "ВИА Гра" тобу негизделген. Алгач топко ал кезде телеалпаруучу болуп иштеген Алёна Винницкая алынган. Кийин Надежда Грановская кошулган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Пакистандын Кветта шаарында митингге келген элдин арасында турган террорчу өзүн жардырып жиберген. Жыйынтыгында 73 киши шейит кетип, 160 киши ар кандай жаракат алган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Голливуд актёру, "Жашыл чакырым", "Армагеддон", "Маймылдар планетасы" тасмалары менен таанымал
Майкл Дункан 55 жаш курагында Лос-Анжелесте жүрөк оорусунан улам көз жумган.