Майлуу-Суунун мэри, Жайылдын акими, Лейлектин акиминин орун басары кызматтан кетти

Бахтияр Карамшаков Чүй облусунун Жайыл райондук администрациясынын башчысы кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун 2-сентябрда өкмөттүк аппараттан билдиришти. Өз арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри Кыянбек Сатыбалдиев да кызматтан бошотулду.
Башка буйрук менен Баткен облусунун Лейлек райондук администрациясынын башчысынын орун басары Марапат Ташполотова ээлеген кызматынан алынды. 
Эскерте кетсек, буга чейин кайсы бир партиянын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышчу талапкерлер мамлекеттик кызматтан кетиши керектиги айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан