Ысык-Көл ОИИБи: "Депутаттыкка талапкердин автоунаасын өрттөп кетишти" деген маалымат жалган

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы "1-сентябрдан 2-сентябрга караган түнү Жети-Өгүз районунда белгисиз бирөөлөр партиялардын биринен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жеңиш Курманбековдун Тойота Аурион автоунаасын өрттөп салышты" деген маалымат жалган" деп билдирди. 
ОИИБ аталган окуя боюнча милицияга эч кандай арыз түшпөгөнүн, жарыяланган маалымат текшерүүгө алынып, бирок далилденбегенин билдирет. 
"Парламенттик шайлоого даярдык көрүүгө карата өкмөт менен Ички иштер министрлигинин талаптарын аткаруу боюнча Ысык-Көл ОИИБинин жетекчилиги буйрук чыгарган, бардык укук бузуулар мыйзамга ылайык иликтенет",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан