Мамлекеттик чек ара кызматы ЕККУнун Бишкектеги борбору менен биргеликте чек ара чатактарынын алдын алуу боюнча Чек ара кызматынын Талас облустук башкармалыгында атайын топ түздү. Муну мекемеден 3-сентябрда билдиришти.
Топтун башкы милдети - Талас облусундагы мамлекеттик чек арада чыр-чатактардын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик органдары жана калк менен иштешүү.
Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облустук башкармалыгынын жетекчиси Туратбек Шабданбеков чек ара мекемесинде топтордун иши боюнча жетиштүү тажрыйба бар экенин айтат. "Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жакшы жыйынтыктарга жетишебиз жана чек арачылардын жергиликтүү калк менен мамилесин бекемдей алабыз деп ишенем",- дейт Шабданбеков.