Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан келген түз инвестициянын көлөмү 6 айда 7 эсе өскөнү айтылды

2015-жылдын январь-июнь айларында өлкөгө келген түз инвестициянын көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 эсеге өсүп, 498 миллион 500 миң сомду түзүптүр. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, сырттан келген инвестициянын 76,7 пайызы кен чалгындоо, кайра иштетүү, өндүрүш ишканаларына жумшалган.

Маалыматка таянсак, 2015-жылдын 6 айында КМШга мүчө эмес өлкөлөрдөн келген түз инвестициянын көлөмү 2014-жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге көбөйдү. Негизги инвестор АКШ, Түркия, Кытай, Улуу Британия жана Канада өлкөлөрү болду.

КМШга мүчө өлкөлөрдөн келген түз инвестициянын көлөмү 2014-жылга салыштырмалуу 2,8 эсеге өстү. Казакстандан келген инвестициянын көлөмү 5,1 эсеге кыскарса, Орусиядан келген инвестиция 7,4 пайызга өскөнү айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан