Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун Борбор Азиядагы өкүлү менен жолугушту
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев
Эл аралык валюта фондунун
Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азиядагы департаментинин директору Масуд Ахмед менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Масуд Ахмед фонд Кыргыз Өкмөтүнө Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү, анын ичинде банк тармагын өнүктүрүү боюнча кеп-кеңештерин берүүгө даяр экенин билдирди.