Жылнаама, 4-сентябрь: Мындан 34 жыл мурун америкалык ырчы, актриса, бийчи Бейонсе туулган

* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы “Эмне? Кайда? Качан?” (“Что? Где? Когда?”) телеоюну телеалпаруучу Владимир Ворошилов жана Наталья Стеценко тарабынан уюштурулуп, биринчи жолу эфирге чыккан. Алгач оюндун тартиби такыр башкача болуп, анда эки үй-бүлө ойногон. 1976-жылы оюндун шарттары толук өзгөртүлүп, аны алгач Александр Масляков, кийин Владимир Ворошилов өзү алып бара баштаган. Ал оюндун биринчи катышуучулары МГУнун студенттери болгон. 
 
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы америкалык ырчы, актриса, бийчи, продюсер жана дизайнер Бейонсе АКШнын Хьюстон шаарында төрөлүп-өскөн. Анын толук аты - Бейонсе Жизель, фамилиясы - Ноулз. 2002-жылы Жей Зи деген рэпер менен жаздырган “Bonnie Clyde” дуэти Бейонсени жеке ырчы катары тааныткан. Бейонсе актриса катары өзүн сынап, биринчи жолу ал “Фредди Жейсонго каршы” аттуу ужас жанрындагы фильмге тартылат. 2002-жылы “Auston Powers 3 The Goldmember” аттуу кинодо башкы ролду аткарып, бул кинодо жараткан ролу сынчылар тарабынан жогору бааланган.
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы атактуу “крокодилдерге мергенчи”, австралиялык зоолог, тележурналист Стив Ирвин кезектеги телеберүүнү тартуу учурунда уулуу скат балыгынан жүрөгүнө алган жараатынан улам 44 жашында каза болгон. Стив Ирвин жаратылыш жөнүндө тартылган "The Crocodile Hunter", "Crok Files", "The Crocodile Hunter Diaries" ж.б. даректүү тасмалары менен белгилүү болгон.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы Ирактагы тынч элге мыкаачылык кылганы үчүн америкалык 21 жаштагы десант Стивен Гринге өмүр бою абакта отурууга өкүм чыккан. Ал 2006-жылы 12-мартта Багдадга жакын жайгашкан Эль-Махмудия кыштагындагы аль-Жанабилердин үй-бүлөсүнө кол салган. 14 жаштагы Абир Касем Хамза аль-Жанаби аттуу кыздын ата-энесин, сиңдисин өлтүрүп, кыздын өзүн бир канча аскерлер менен биргеликте зордуктап, кийин мыкаачылык менен өлтүрүп салганы далилденген.
4-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан