Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын 10-кеңешмеси өтүүдө.Анда ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн директорунун орун басары
Нуржан Жигитеков:
"Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча тийиштүү мекемелеринин тыгыз кызматташтыгы гана натыйжалуу болот",- деди.
Казакстандын Жогорку Сотунун төрагасы Кайрат Мами иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп: "Жогорку соттук инстанцияга болгон суроо-талаптын көп болгонун көрүп жатабыз. Бир жыл мурун Казакстанда өткөн 9-кеңешмеде жолуккан элек. Кеңешмеде кабыл алынган чечимдер жакшы жыйынтык бергенин белгилеп кетким келет. Казакстанда жаңы Процессуалдык кодекс кабыл алынып жатат",- деди.
Тажикстан Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Шермухаммад Шохиен: "ШКУнун башкы максаты аймактагы тынчтыкты орнотуу жаатында ар тараптуу кызматташууну ишке ашыруу болуп саналат. Азыркы кеңешмедеги талкуулоочу маселелер актуалдуу экенин белгилегим келет. Укук коргоодо маалыматтык технологияларды колдонуу жакшы жөрөлгө",- деди.
Казакстандын Жогорку Сотунун өкүлү Айгүл Кыдырбаева сот органдары менен соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу тууралуу баяндама жасап, аталган өлкөдөгү сотторду окутуу иш-чараларына токтолду. Анын айтымында, Казакстанда ар бир сот 4-5 жыл аралыгында окутуудан өтөт, окутууларга учурда иштеп жаткан соттор, отставкадагы соттор, окутуучулар чакырылат. Квалификация жогорулатуу боюнча жылына 450дөн ашуун сот окутуудан өтөт.