
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы “Кара-Суу” базарынын бир бөлүгү болгон “Туратали” базарынын кожоюну, Ибрагим Жунусовдун бир тууган агасы
Абдалим Жунусов айдоочусу менен өз үйүндө өлтүрүлгөн. Таң атпай куралчан адамдар үйүнө кирип келишип ок чыгарышкан. Абдалим Жунусовдун өлүмүнө шектүү делип 34 жаштагы Сапарали Аканов кармалган.

* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы америкалык актёр
Майкл Китон АКШнын Пенсильвания штатындагы Кораополис аттуу жеринде туулган. Актёрдун өз аты-жөнү Майкл Жон Дуглас болгон. Бирок көпчүлүк белгилүү актёр Майкл Дуглас менен алмаштырып албасын деп өзүнө Китон лакап атын алууга туура келген.
Майкл Китондун чоң кинодогу дебюттук ролу 1982-жылы "Ночная смена" комедиясында болгон. Ал эми актёрго атактуулукту "Битлджус", "В трезвом уме и твёрдой памяти", "Бэтмен" тасмаларындагы ролдору алып келген.

* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы Экинчи дүйнөлүк согушта эки буту жок болсо да согушкан атактуу англиялык учкуч
Дуглас Роберт Стюарт Бадер 72 жашында каза болгон. Ал авиакырсыкта эки бутунан ажыраганына карабай өз ишин улантып, душмандардын 11 учагын кыйроого учураткан.

* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы Орусия президенти
Борис Ельцин сыналгы аркылуу сөз сүйлөп, жүрөгүнө операция жасоого макулдук бергенин билдирген. Президентке операция ошол эле жылдын 5-ноябрында жасалып, ал убакта анын милдетин В.С.Черномырдин аткарып турган. Борис Ельцин ден соолугун чыңдаган соң, иш ордуна 1997-жылдын башында келген.