
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Баткен районунда жалпы курамы 900-1000 чамалуу адамдан турган 48 өзүн өзү коргоочу отряд уюштурулган. Бул отряддар мурдагы Ооган согушуна катышкандар, жергиликтүү менгенчилер жана спортчулардан куралып, аларга 200 автомат берилген. Кырдаалга жараша Баткенде түнкү 11ден таңкы 6га чейин транспорт жүрүшүн чектеген коменданттык саат киргизилген.

* Мындан 449 жыл мурун, 1566-жылы Осмон империясынын султаны
Сулейман I кезектеги жортуулуна аттанып бараткан жеринен 71 жашында каза болгон.
Европа тарыхында Улуу Сулейман, түрк тарыхында Адилеттүү Сулейман аты менен калган Осмон империясынын 10-султаны Сулейман I же Сулейман Кануни 1494-жылы 6-ноябрда султан Селимдин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Селим кайтыш болгон учурда Сулейман 26 жашта болгон жана ушул жашында баш-аягы жок чоң өлкөнү башкара баштаган. Ал аз эле жылдын аралыгында Европа өлкөлөрүнө өз өкүмүн жүргүзүүгө жетишкен. Бир канча жүрүштөрдү жасаган. Ошондой эле ал жалаң гана согуш иши менен алек болбостон, өлкөнүн социалдык абалына, маданиятына, курулуш архитектурасына да көңүл бөлгөн. Өзү мамлекет башчысы болгонуна карабастан, кол өнөрчүлүк менен да алектенген. Мыкты зергер жана сүрөтчү катары элге таанылган. Сөзгө чечен гана болбостон, ыр да жазган. Анын доорунда өлкөдө бир канча көпүрөлөр, ак сарайлар, мечиттер курулган. Стамбулдагы чоңдугу боюнча экинчи орунду ээлеген "Сулаймание" мечити Осмон доорунун үлгүсүн камтыган мечит болуп эсептелет. Өзүнүн бир мүнөт убактысын да текке кетирбеген халиф Сулейман айланасындагы душмандардын үшүн алып, аларды аны менен эсептешүүгө аргасыз кылып турган.

* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы советтик жана орусиялык ырчы, “Ласковый май” тобунун солисти
Юрий Шатунов Башкортостандын Кумертау шаарында төрөлгөн. Ал 3 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, 8 жашында энеси жүрөк оорусунан улам каза болгон. Юрий 12 жашка чейин таежесинин колунда чоңоюп, андан кийин жетимдер үйүнө тапшырышкан. Бир жылдан кийин Оренбург шаарындагы №2-интернат-мектебине которулган. Юрий Шатунов алгачкы жолу “Ласковый май” тобу менен 1986-жылы 28-декабрда интернаттын жаңы жылдык бий кечесинде ырдап чыккан.

* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы АКШнын Балтимор шаарында сиам эгиздери биринчи жолу хирургиялык жол менен ажыратылган. Нигериялык
Хуссаин жана
Хассана аттуу эгиз кыздарды бөлүү операциясына индиялык 40 дарыгер катышып, операция 18 саатка созулган.