“Ата Мекен” социалисттик партиясынан талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов менен Нурбек Сыдыгалиев Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылындагы эл менен жолугушту. Иш-чарада алар жергиликтүү калкка алдыдагы шайлоонун мааниси тууралуу түшүндүрмө беришип, шайлоо элет элинин жашоосун жакшыртууда чоң роль ойной турганын белгилешкени айтылды.
“4-октябрда өтө турган шайлоо өлкөбүздөгү парламенттик демократияны өнүктүрүүдө зор мааниге ээ. Ушул эле шайлоо - мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүшүнө багыт берүүчү негизги окуя. Ошондуктан шайлоого активдүү катышып, таза жана адилеттүү добушуңуздарды берүү менен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо аласыздар”,- деди Алмамбет Шыкмаматов.
Талапкерлер аймактын жаштар жамааты менен да жолугушуп, аларды коомдук иштерге активдүү катышууга үндөшкөнү, жер-жерлердеги жаштардын демилгелери менен жүрүп жаткан иштерге баа беришип, алардын аракеттерине колдоо көрсөтүшөрүн билдиришкени маалымдалды.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.