Шайлоо-2015. Мыктыбек Абдылдаев: “Мен Абсамат Масалиевдин кадры болгонума сыймыктанам”

Бүгүн, 5-сентябрда “Бир бол” саясий партиясы Баткен облусунун Кадамжай шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Мыктыбек Абдылдаев, Марат Султанов, Аскарбек Шадиев, Алтынбек Сулайманов, Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров, Бакирдин Субанбеков, Чолпон Жакупова жана Лунара Мамытова катышты.

Партиянын башчысы М.Абдылдаев: “Мен Абсамат Масалиевдин кадры болгонума сыймыктанам, анткени ал кишинин тарбиясын алгам, көп жакшылыгын көрдүм. Абсамат Масалиевич менен Ысык-Көлдө бирге иштешкенбиз”,- деп сөзүн баштады. Мыктыбек мырза: "Биз баарыбыз жөнөкөйлүктү, дайым таза жүргөндү, чынчылдыкты жана мекенге ак кызмат кылууну ошол адамдан үйрөнгөнбүз”,- дегенде эл дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп турду. Андан соң Абдылдаев ар бир энеге кайрылып, чың ден соолук, узак өмүр, бала-чака, небере-чөбөрөлөрүнүн бактылуу жашоосун, эң негизгиси, өнүккөн, күчтүү кыргыз өлкөсүндө жашоосун каалап өттү. 

Марат Султанов: “Кадамжайга баштапкы даңкын кайтарып берүү керек. Аны бардык керектүү шарттары жана түптүз жолдору бар гүлдөгөн шаарга айландыруу зарыл”,- деген пикири менен бөлүштү. Акылбек Жапаров жумушсуздукту жоюп, ар бир кыргыз жаранынын үй-бүлөлүк бюджетин эки эсе көбөйтүп, 70 миң адамды жаңы жумуш орундары менен камсыз кылуучу мезгил келгенин айтты. Буга Жапаров "экономикалык чоң секирик жасай турган мезгил" деген баа берди.

Кадамжайдын тургундары “Бир болдун” программасын колдоого алып, партия лидерлерине жылуу мамилесин билдиришти. Кийинки жолугушуу бүгүн кечинде Баткен шаарында болмокчу.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан