Бүгүн, 5-сентябрда Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Таалай элеси" тобун негиздеген
Тотомидин Жолдошевдин чыгармачылыгынын 15 жылдыгына арналган концерт орун алды. Ага ырчынын туугандары, жердештери, топтун жана күндүн каарманынын өнөрүн баалаган ыр сүйүүчүлөр келишти. "Таалай элеси" тобунун жылдызы жанган учур катары 2003-2004-жылдар эсептелинет. Андыктан чогулган элдин басымдуу бөлүгү улуу муундун өкүлдөрү болушту.
Алгач эле Ильяз Агыбай уулу алып баруучу катары сахнага чыгып, эл менен учурашты. Ага удаа анын сөзүн бөлө сахнага актёр Аскат Сулайманов чыга келди. Экөө сахна талашып, Тотомидин мырзага жакындыктарын санап киришти. Ильяз мырза Чаткалдын кулуну Тотомидин өз жердеши экенин, кичинесинен чогуу өскөнүн айтса, Аскат мырза куудулданып канча каражат төлөгөнүн айтып берди. Андан соң кече ээси арты-артынан бир катар чыгармаларын аткарды. Эл "Таалай элесинин" ырларын сагынып калганбы, тынбай кол чаап отурду. "Жол карап өттү күндөр..." жана "тык-тык этип терезеңди тыкылдатып..." деген саптары бар ырлар элдин маанайын бир топ эле көтөрүп, 2003-2004-жылдарга алып барып келгендей болду.
Тотомидин Жолдошевди бир катар өнөр ээлери колдоп келишкен. Мисалы, "Кеңеш" тобу, куудулдук өнөрдү багып келаткан "Дем" театрынын жигиттери, ырчылар Алтынбек Борошев, Чыңгыз Турдубеков жана бир катар жаш ырчылар болушту. Ошондой эле "Таалай элеси" тобунда ырдап келаткан эки жаш жигит да элдин назарында болуп, алкыштарга татышты.
Кошумчалай кетсек, маркум Таалай Бектургановдун атынан "Таалай элеси" тобун түзгөн Тотомидин Жолдошевге Чаткал районунун акимчилигинин өкүлдөрү колдоо көрсөтүп келип, белектерин беришти. Ал эми туугандары жана жердештери ага чепкен жаап, сөз арасында бир кыл куйрук убада кылуу менен камчы карматып кетишти.