Кыргызстандын орто мектептеринде акыркы жылдары мугалимдердин саны өскөндүгү белгилүү болду. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2007-2008-жылдары өлкөдө мугалимдердин саны - 72 100, 2008-2009-жылдары - 70 800 болсо, 2011-жылы бул көрсөткүч - 75 500гө жетти. 2001-жылы мамлекеттик жалпы билим берүү мектептеринде 74 миң, жеке мектептерде 1500 мугалим иштеген.