Шайлоо-2015. “Бир бол” Нарында: “Баарыбыз бир болсок, эл утат!”

6-сентябрда Нарын шаарында өткөн шайлоочулар менен жолугушууга бир нече миң адам чогулду. Аларга “Бир бол” партиясынын лидерлери шайлоого кандай ой-максат жана программа менен баратканын айтып беришти.

Алгачкы эле сөзүндө Мыктыбек Абдылдаев "парламентке бүгүнкү команда менен кайрадан күч болуп келгенде, Нарын шаарынын жолун аягына чыгарабыз" деп убада берди. “Биз убадага турганбыз, биз убаданы аткарабыз!” ураанына теңир-тоолуктар кол чаап кубаттап, колдошту.

Тоолуктардын көйгөйүн жакшы түшүнгөн, алардын кызыкчылыктарын дайыма биринчи планга койгон алайлык депутат Марат Султанов“Кыргыздын рухун, салтын, дилин-тилин силер сактап келесиңер. Нарындыктардын түйшүктөрүн, маселелерин билген, Нарын элине күйгөн талапкерлерге добуш бергиле",- деп чакырды. 

Андан соң Аскарбек Шадиев өз сөзүндө шайлоого элге таза кызмат кылган, тажрыйбасы мол, илим-билимдүү адамдар менен баратканын сыймыктануу менен айтты: “Бир да партия буга чейин ушундай инсандарды чогулта албай койгон, баарыбыз бир болсок, эл утат. Мамлекетибиз бай болсун, коопсуз болсун, энелер эч качан жашын төкпөй, акыйкаттык бийик болсун!”

Игорь Чудинов “Бир бол” партиясын колдоп жолугушууга келген нарындыктарга алардын ишеними өтө маанилүү экенин айтты. “Силердин ишенимиңер, сүйүктүү мамлекетибиздин өнүгүүсү, экономикасынын өсүшү, жумушчу орундарды түзүү, сапаттуу билим, татыктуу пенсия алуусу үчүн жоопкерчиликти толугу менен өз моюнубузга алышыбыз керек. Бизге ишенип добушуңарды берсеңер, биз ак ниет иштеп, ишенимиңерди актайбыз”,- деди Чудинов. Анын сөзүн улай Алтынбек Сулайманов мындай деди: “Мыйзам чегинде, элдин колдоосу менен бийликке келип, жашоону жакшы жагына өзгөртөбүз”.

Бакирдин Субанбеков буга чейин Ош, Өзгөн, Кадамжай, Баткенде болуп, бардык жерде жаңырган “Бир бол, элим, бир бол! Баарыбызга бир жол!” ураанын чечмелей кетти. “Бул эмне деген жол деп сурасаңар, бул биримдиктин, ынтымактын, өнүгүүнүн, жеңиштин жолу деп билгиле!”- деп cөзүн жыйынтыктады.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан