Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Мажилисинин спикери Али Лариджани менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев Иран мамлекетине жасаган расмий сапарынын алкагында 5-сентябрда өлкөнүн Мажилисинин спикери Али Лариджани менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Атамбаев менен Али Лариджани кыргыз-иран ортосунда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашканын президенттик аппараттан кабарлашты. 

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы менен Ирандын тарыхында жана маданиятында жалпы нерселер көп экендигин белгиледи. “Бизди эркиндиктин жана көз карандысыздыктын духу бириктирип турат”,- деди Атамбаев. Жолугушуунун жүрүшүндө президент 4-октябрда кыргыз өлкөсүнүн парламентине шайлоо өткөрүлөрүн маалымдады. “Бул шайлоолор Кыргыз Республикасы үчүн абдан чоң мааниге ээ. Ошондуктан бул шайлоолор таза жана ачык айкын болсун деп аракеттенип жатабыз”,- деп белгиледи президент. Андан соң мамлекет башчы өлкөдө экономиканы өнүктүрүүгө багытталып жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айтып берди.

Спикер өз кезегинде Атамбаевдин Иранга расмий сапары эки өлкө ортосундагы мамилелердеги жаңы доорду ачарын билдирди. Али Лариджани Кыргыз Республикасынын экономикасындагы жакшы өзгөрүүлөргө токтолуп өттү. “Өлкөнүн саясий жетекчилиги жакшы болбосо, экономикадагы прогресс ишке ашпайт”,- деди ал.

Мамлекет башчы Ирандын Мажилисинин спикерин расмий сапар менен кыргыз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды. “Сиз кыргыз жеринде 2011-жылы болгон элеңиз. Бул мезгилдин аралыгында өлкөбүз абдан өзгөрдү. Мен сизди өлкөбүзгө келип, ошол өзгөрүүлөрдү көрүп кетүүгө чакырам”,- деп кайрылды президент ага. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан