Кыргыз мамлекетинин таанымал атуулу, ардактуу аксакалыбыз Турдакун Усубалиевич Усубалиев 96 жашында дүйнө салды. 1919-жылы Нарындын Кочкор өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген Турдакун Усубалиевич 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык орчундуу кызматтарды аркалап келди.
Турдакун агабыз алгач таамай жазган журналист катары таанылды. Он жыл бою, 1945-жылдан 1955-жылга чейин Советтер Союзунун борбору Москвада, КПСС Борбордук комитетинде такшалды. Андан соң ал өлкөбүздүн тун гезити “Советтик Кыргызстанды” жетектеди, ошол кездеги Фрунзе шаарынын партиялык уюмун башкарды.
Мына ушул сыноолордон өткөн соң өз өлкөсүнө биринчи жетекчиликке көтөрүлдү. Биздин карыя ишмер кезинде Хрущёв, Брежнев, Черненко, Андропов, Горбачёв – баш-аягы КПСС Борбордук Комитетинин беш башкы катчысы менен иштешкен.
Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий жактан мамлекет катары торолуп, бутуна турушунда Турдакун Усубалиевичтин эмгеги зор болгону жыл өткөн сайын даана көрүнүп баратат. Ал башкарган жылдары өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2,5 эсеге көбөйгөн. Агрардык республикабызда индустриалдаштыруу жүрүп, завод-фабрикалар, тоо-кен өнөр жайы, энергетикалык объектилер пайда болгон. Мамлекетибизди дүйнөгө туташтырган “Манас” аэропорту, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйү, Улуттук филармония, Кожомкул атындагы Спорт Ордосу Турдакун Усубалиевичтин жеке аракети менен бүткөрүлгөн курулуштардын эң ирилери болуп саналат.
Кантсе да Турдакун агабыздын жетекчи катары тазалыгы, адамгерчилиги, иштин көзүн билгендиги өңдүү жеке касиеттери азыр да баарыбызга өрнөк болууга тийиш. Кезинде союздук жетекчиликти ынандырып, ал турсун жакалашууга чейин барып, жергебиздин кызыкчылыктарын коргоп келген. Бир эле мисал: КПСС БК саясий бюросунун Соң-Көлдү жана Чаткал дарыясын башка республикага буруу чечимин жокко чыгаруу үчүн барбаган жери, кирбеген эшиги калбай, акыры аны токтотууга жетишкен.
Ал эми борборубуз Фрунзени чоң кыштак кейпинен накта борбор шаардын даражасына чейин көтөрүүдө Турдакун Усубалиевичтин эмгегине баа жетпейт. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Турдакун агабызды "Фрунзе шаарынын чыныгы башкы архитектору" деп бекеринен атаган эместир. Бир кезде Фрунзе бак-шакка бөлөнүп, көчөлөрү менен гүл бактары жадырап-жайнаган, ал эми адамдары абдан сыпайы жана билимдүү шаарга айланганы улуу муундун эсинде. Советтик республикалардын борборлорунун ичинен Фрунзе эң жашыл, меймандос жана интеллигенттүү баш калаа деген аты менен айырмалана баштаган.
Ток этер жери - ардагер аксакалыбыз өмүр бою Кыргызстан деген үйдү курган. Анын эмгеги 4 Ленин, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек кызыл туу, Элдердин достугу, 1-даражадагы Манас ордендери, акыры “Ак шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылып, Кыргыз Республикасынын Баатыры даражасы менен белгиленген.
Калыгул олуянын чөбөрөсү болгон Турдакун аганын ток пейилдиги, токтоо мүнөзү, сылык-сыпаа жүрүм-туруму "кыргыздын ак сөөк адамы" деген мүнөздөмө берүүгө арзыйт.
Жанда жок эс тутуму, иштермандыгы менен айырмаланган агабыз республиканын булуң-бурчунда кыбыр эткен кыймылды, жерибиздин коён жатагына чейин жатка билгени азыркыга чейин аңыз кеп болуп айтылат. Ал турсун белгилүү колхоз-совхоздордун жетекчилеринин аты-жөнүнөн бери адаштырбай айтчу экен.
Турдакун Усубалиевич кол алдындагыларга өтө талапчыл мамиле кылып, бирок эч качан ачууга алдырып, бирөөнүн керт башына асылбаган, абдан сабырдуу ишмер болгон. Куру чечендик менен кооз сөздөрдөн алыс, качан болсо жаратман иш менен талбай алектенип келди. Азыркы муундагы жетекчилер жана жаш менеджерлер Турдакун агабыздын бул касиеттеринен өрнөк алууга тийиш.
Аксакалыбыздын "ич ара бөлүнүп-жарылуучулуктун түбү улуттун келечегине балта чабат" деген деген эскертүүсүн кулакка түйүп алууга тийишпиз. Ал эми Кыргыз Республикасынын элитасы Турдакун агабыздан узак бийликтен да бузулуп кетпей, булганбай, азгырыктарга алдырбай, жан дили менен адал иштеп, абийирин таза сактап калуунун үлгүсүн үйрөнүүгө тийиш. Турдакун Усубалиевичтин 90го чыккан кезде айткан “мен дагы эле иштей берем” деген сөзү бул инсандын дене-боюна эмне деген кудурет-күч жана Ата Мекенин сүйүү сезими ширелгенин күбөлөйт!
Турдакун агабыздын өлкөбүзгө берилгендиги, мамлекетчил пейили, иштермандыгы баарыбызга үлгү, сабак.
Агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
СДПКнын Саясий кеңеши
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.