Болотбек Аманбаев ӨКМнын борбордук аппаратынын ыкчам башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды
28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлары Н.Сыдыгалиев менен К.Тезекбаевдин жетекчилигинде жыйын болуп, министрликтин жалпы жамаатына министрликтин борбордук аппаратынын ыкчам башкармалыгынын жаңы дайындалган башчысы Болотбек
Аманбаев
тааныштырылды.Эскерте кетсек, министр Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык, аталган башкармалыктын мурдагы башчысы Мухтар
Бейшембиев
кызматтан бошотулган. Ал эми Болотбек Аманбаев буга чейин ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.