
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери, Эл аралык класстагы спорт чебери, балбан
Данияр Көбөнов Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулган.
Данияр Көбөнов грек-рим күрөшү боюнча 2 жолку Азия чемпиону (“Кытай-2005”, “Кыргызстан-2007”), Кореяда өткөн Азия оюндарынын күмүш жана Катарда өткөн Азия оюндарынын коло медалчысы, Дүйнө чемпиондугунун (“Орусия-2010”) коло медалынын ээси, “Гуанчжоу-2010” Азия оюндарынын чемпиону. Ошондой эле "Афины-2004", "Лондон-2012" Олимпиада оюндарына катышкан.

* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы КРнын Эл артисти (2008), КРнын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, композитор жана аткаруучу
Шамшыбек Өтөбаев 58 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган.
14 республикалык, 8 эл аралык сынак-фестивалдардын жеңүүчүсү Шамшыбек Өтөбаев 1951-жылы 11-декабрда Ноокендин Шыңсай айылында туулган. Анын аткаруусундагы “Таң сыры”, “Сары-Челек”, “Көл кечи”, “Кыргыз жери”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Сага”, “Фрунзенин теректери” жана башка жүрөккө жеткен ырлары элге сиңип, эл оозуна алынып, классикага айланган. Андан сырткары “Ат келет”, “Кутман жер”, “Алтын тумар”, “Атама”, “Өмүр керемет”, “Кыялдагы мырзага”, “Кат жазчы мага”, “Дүрдана”, “Ата Журт” деген ырлары популярдуулугун жоготпой, профессионалдык жогорку деңгээлдеги ырлардын катарында өз ордун тапкан.

* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы Пинк деген лакап ат менен таанымал америкалык ырчы, актриса
Алиша Бет Мур АКШнын Пенсильвания штатындагы Дойлстаун шаарында туулган. Пинкке 2000-жылы чыккан "Can't Take Me Home" ("Мени үйгө алып бара албайсың") аттуу алгачкы альбому популярдуулукту алып келген. Актриса катары "Роллербол" (2002), "Чарлинин периштелери-2" (2003), "Катакомбалар" (2007), "Вегастан качуу" (2010) тасмалардагы ролдору дүйнөгө тааныткан.
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Москва шаарында террорчулар 9 кабаттуу үйдү жардырышкан. Үйдүн 2 подъезди толук талкаланып, 100 киши көз жумса, 690 адам ар кандай жаракат алган.