Өкмөт башчы Темир Сариев 7-сентябрда Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков менен жолукту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Премьер-министр Темир Сариев Беларусь премьер-министрине жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп киргенден кийинки алгачкы сапар экендигин белгиледи.
«Быйыл 12-августта Кыргыз Республикасы менен Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы бажы көзөмөлү алынып, Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп кирди. Мында Беларусь Республикасы колдоого алганы үчүн ыраазычылык билдирем. Биз муну абдан кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашыра алдык. Эми бул мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу үчүн биргеликте аракет көрүшүбүз керек»,- деди Темир Сариев. Мындан улам Темир Сариев Евразия экономикалык биримдигинин жана эки тараптуу кызматташуунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.
Өз кезегинде Андрей Кобяков Кыргыз Республикасы жана Беларустун ортосунда товар жүгүртүүнү жогорулатууга мүмкүнчүлүктɵр көп экенин белгиледи. Ошондой эле Беларус тарап Кыргызстан менен айыл чарба техникаларын сатуу тармагында кызматташууга даяр экенин кошумчалады.
Премьер-министр Темир Сариев Беларустун Гродно шаарына Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен барган.
Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында өтүүчү Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйыны алкагында ЕАЭБ ишмердүүлүгүн мындан аркы жакшыртууга багытталган маселелердин каралышы пландаштырылууда.