Өмүрбек Текебаев: "Кыргыз-өзбек эл аралык мамилесин жолго коюу зарыл"

Бүгүн “Ата Мекен” партиясы Аксы районунун Кара-Жыгач, Кара-Суу, Боспиек айылдарындагы шайлоочулары менен жолугушту. Агылып келген эл жылуу кабыл алып, "Ата Мекен" Кыргыз Республикасынын демократиялык тарыхындагы адилеттүүлүк жана чындык үчүн өз принцибинен тайбай күрөшкөн жалгыз партия экенин айтып, колдоого алды. 
Ө.Текебаев өз сөзүндө өлкөнүн айыл аймактарын өнүктүрүүдө коңшу өлкөлөр менен эл аралык мамилелерди жакшыртуу, чек ара маселелерине чекит коюу өтө маанилүү экенин айтты: "Бул шартта бир эле Аксы эмес, мамлекетибиздин калкынын дээрлик жарымынан көбү чектеш жайгашкан Өзбекстан менен мамилени жакшыртуу зарыл. Ошондо айыл чарбасын, ишкердикти, соода-сатыкты өркүндөтүп, аймактардын экономикасын, элдин турмушун жакшыртууга шарт түзүлөт"
Ал эми "Ата Мекен" партиясынын сап башында шайлоого аттанган Аида Салянова: “Ата Мекен” - чындыкты туу туткан, тартипти, адилеттүүлүктү орното ала турган партия! Ошол үчүн мен “Ата Мекен” менен баратам. Кыргыз Республикасы үчүн өлкөнү өнүктүрө ала турган чоң саясий күч керек. Мен билем, бул - "Ата Мекен",- деди. 
Үгүт кербени андан ары өз жолун улап, Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары менен да жолугушууга үлгүрдү. "Ата мекенчилер" менен жолугуу үчүн борбордук стадионго 6 миңден ашуун эл келген. Алар партиянын программасын тааныштырган партия лидери Өмүрбек Текебаевди, партия өкүлдөрү Аида Салянова менен Садык Шер-Ниязды кунт коюп угушту. 
"Таш-Көмүр шаарынын өнүгүшүнө бардык мүмкүнчүлүктөр бар, ал үчүн шаарда казылган көмүр Бишкек шаарынын Жылуулук электр станциясына жеткирилиши керек. Бүгүнкү күндө Бишкек жылуулук электр станциясы башка өлкөлөрдөн көмүр сатып алып жатат, анткени бул жерде бир катар коррупциялык схемалар бар. Мындай көрүнүштү түп-тамырынан бери жоюу зарыл"- деди Өмүрбек Текебаев. 
Анын айтымында, Таш-Көмүрдө көмүрдү казуу жакшы жолго коюлганда гана шаар өнүгүп, кошумча жумуш орундары түзүлөт. 
"Мындан тышкары шаарда ферросплав жана кристалл заводу ишке киргени турат. Эгерде жергиликтүү бийлик тарабынан бут тосуулар жоюлса, анда шаардын гүлдөп-өнүгүшүнө бардык шарттар түзүлөт",- деп ишенимдүү билдирди Ө.Текебаев. 
Мындан тышкары партия лидери Таш-Көмүр шаары суу бойлой орун алганы менен, шаар элинде таза суу маселеси курч бойдон турганын белгилеп өттү. 
"Шаардын бир чети айылга, ал эми бир чети шаарга караштуу экен, себеби калаанын чектешкен аймактары такталган эмес. Мындай көрүнүш бир гана Таш-Көмүрдө эмес, көптөгөн шаарларда да кездешет. Муну тез арада жөнгө салуу керек",- деди ал. 
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан