Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы абалын, аймактагы жана башка эл аралык маселелерди талкуулашты.
Министр менен АКШнын Мамлекеттик катчысынын өкүлү Америка тараптын кыргыз жеринде иш алып бара турган долбоорлору жана программаларына байланыштуу көйгөйгө да токтолушту. Тараптар мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантышарын билдиришти.