“Өнүгүү-Прогресстин” кубогуна арналган футбол боюнча ачык мелдеш болуп өттү. Бишкек шаарынын Келечек жаңы конушунда уюштурулган мелдешке олимпиадалык систем боюнча 12 команда катышты.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Максат Сыдыков кубокту берип жатып: “Спорт - бул адамдын өзүн өзү тарбиялоодогу биринчи кадамы. Биздин жаштарыбыздын сергек жашоого болгон умтулуусу жакшы жышаан”,- деди.
"Жаштардын спортко болгон аракетин колдоо менен партия кичи шаарлар жана жаңы конуштардын начар инфратүзүм көйгөйлөрүн чечип, анын сапатын борбордун деңгээлине чейин жогорулатат. Мисалы, алыс баруунун кереги жок, дүйнөдөгү ири шаарлар өрөөндөргө бөлүнгөн, алардын ар биринин жетиштүү бардык инфратүзүмү бар. Союз урагандан кийин Бишкек тез эле бир канча эсеге кеңейди, бирок ал баш аламан түрдө өсүүдө.
Биз шаарды жашылдандыруу менен ар бир зонанын инфратүзүмдөрүнүн социалдык жана эс алуучу элементтерин түптөшүбүз керек. Ал эми азыр болсо көп долбоорлор кагаз түрүндө калып, ишке ашпай келет.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясы инфратүзүм долбоорлорун жогорулатуу маселеси менен чыгат, бул маселе шайлоо астындагы партия платформасына өзүнчө киргизилген",- деди ал.
Келечек жаңы конушунун жаштары партиянын шаңдуу өткөргөн мелдешине ыраазычылык билдиришти жана парламенттик жарышта ийгилик каалашты.