ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков ЮНИСЕФтин өкүлү Мари-Пьер Пуарье менен жолугушту

Бүгүн  ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков ЮНИСЕФтин Борбордук Азия, Чыгыш Европа жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги боюнча аймактык директору Мари-Пьер Пуарье менен жолугушканын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЮНИСЕФтин долбоорлорунун алкагында балдар менен энелерди коргоо, анын ичинде балдар менен төрөй турган энелердин ден соолугун жакшыртуу, Улуттук перинаталдык программанын алкагында балдар менен энелердин өлүмүн азайтуу, балдардын анемия дартын төмөндөтүү боюнча кызматташтык мамилелердин келечеги талкууланды. Ошондой эле «Энелер менен балдардын ден соолугу боюнча глобалдык стратегия», Балдардын өмүрүн сактоо боюнча эл аралык демилге, Тамак-аш боюнча глобалдык кыймыл (SUN) милдеттенмелерин жүзөгө ашыруу чаралары каралып, саламаттыкты сактоо жаатындагы улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү, мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу, ВИЧ дартына чалдыккан балдардын маселелерине да токтолушту.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан