Сапар Исаков АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы менен жолугушту
КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков8-сентябрда АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз өлкөсү менен Америка Кошмо Штаттарынын кызматташтыгынын учурдагы абалы, эки өлкөнүн келечектеги мамилеси талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.