Футбол. Тандоо турунда Австралия жана Иордания курама командалары атаандаштарын ири эсепте утушту

Кечээ, 8-сентябрда Дүйнө чемпиондугунун Азия чөлкөмү боюнча тандоо турунда “В” тайпасында 2 оюн болду. Анда Австралия курама командасы конокто Тажикстан менен беттешип, аталган мелдештеги 3-жеңишине жетишти. Ал эми Иордания курамасы конокто Бангладешти 4:0 эсебинде утуп, топтогон упайларынын санын 7ге жеткирди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.  

Тажикстан – Австралия – 0:3

Голдор: Марк Миллиган (58-мүнөттө), Тим Кэхилл (73, 90-мүнөттөрдө)

 

Бангладеш - Иордания — 0:4

Голдор: Абдаллах Диб (13-мүнөттө, пенальти), Монтер Абу Амара (33-мүнөттө), Абдаллах Диб (56-мүнөттө), Ясин Бакхит (58-мүнөттө)

Кыргыз Республикасынын курама командасы бул турда беттеш өткөргөн жок. 8-октябрга пландалган кийинки турда биздин оюнчуларыбыз Бишкекте Тажикстан менен кез келишет, ал эми лидерлер Иордания менен Австралия өз ара беттешет. Улуттук курамдын кийинки беттештери, тандоо туру тууралуу толук маалыматты бул жерден таба аласыз.
Мелдеш жадыбалында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болду:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aravan
2015-09-09 10:52:38
алга кыргыз алга
+1
malywKG
2015-09-09 11:04:15
Эми биздин фудболчулар мне болот кабарлап койгулаа орусияга ЧМга баравы же жокпу Мана кызык болтат
-3
bazarkyl
2015-09-09 11:39:51
Тажикистанды утсанар менен бир лай к Кыргызстан. Утасынар мен ишенем! Кыргыз эли ишенет!
0
bolotbai
2015-09-09 11:40:56
Тажикстан менен качан беттеш болот экен?,ким билсе толук кабар жазып койгула.
0
Максат Кудайбердиев
2015-09-09 12:03:46
bolotbai,жаңылыкта маалымат жазылып турат. Тажикстан менен 8-октябрда Бишкекте ойнойбуз.
0
bolotbai
2015-09-09 12:29:03
Максат Кудайбердиев, аа ракмат, байкабай калыпмын.Кыргызстан алга биз утабыз.
0
bosmos777
2015-09-09 11:43:50
Алга! Кыргыз!
+1
kama_future_millioner
2015-09-09 11:48:50
Биздикилерге ийгилик чын жүрөктөн
+1
aikol87
2015-09-09 12:12:57
Шанс бар дагы биздикилерге.
0
malywKG
2015-09-09 13:30:48
Тажиктерди утса ошондо ЧМга баравы Австрия менен Иордания качан ойнойт инфосу барлар айтып койшулачы
0
Zarema94
2015-09-09 18:33:10
Жаным-Кыргызстаным, алга! Ийгилик! Келгиле, курамабыз учун дуба кылалы!
0
Nusii
2015-09-09 18:59:03
Баарыбыз 8-октябрь жумуштарыбызды жыйыштырып!!! Стадионго барып озубуздун командыбызды колдон келишинче колдошубуз керек!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан