28-февраль күнү Чүй облусундагы Новопавловка айылында 6 жашар баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Кылмышка шектүү 26 жаштагы Н.А. аттуу жаран экендиги белгилүү болду. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуядан жабыркаган Н.уулу Н. аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда айдоочунун үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө.