Жылнаама, 10-сентябрь: Мындан 25 жыл мурун "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын үч жолку ээси Нурлан Насип туулган

* Мындан 114 жыл мурун, 1901-жылы кыргыз калкынын сыймыгы, мамлекет түптөп, маданиятты жолго койгон, илим-билимге негиз салган алгачкы интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлү, акын, драматург, коомдук ишмер, журналист Касым Тыныстанов Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында төрөлгөн.



* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы ырчы Динара Акулова Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Караколдогу музыкалык окуу жайын, кийин Бишкектеги Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде альт-комузда ойногон. Марат Алыбаевдин “Эй, жаз гүлүм”, “Мен сени сүйөм”, “Аккордеон” деген ырлары аркылуу кыргыз элине белгилүү болуп, кийин “Динара” эстрадалык тобун түзгөн.
* Мындан 25 жыл мурун, 1990-жылы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2012-2013-2014-жылдары "Супер ырчы мырза" наамына ээ болгон Нурлан Насип Токтогул районундагы Терек-Суу айылында туулган. 1997-жылы өзү туулуп-өскөн айылдагы Курама уулу Турусбек орто мектебине кирген. Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттык аспаптар бөлүмүнө кирип, аны 2010-жылы бүтүргөн. Алгач сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы кыргыздын туңгуч актрисасы, белгилүү илимпоз Кусейин Карасаевдин жубайы Айша Карасаева 102 жашында дүйнө салган. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-сентябрда Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы театрда орун алган.
Айша Карасаева (Түмөнбаева) 1912-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган. Ал 1927-жылы "Жабык араба" фильминде башкы ролду жараткан кыргыз киносунун тарыхындагы биринчи аял. Бул кинодо Айжамалдын ролун ойногон. 1930-жылы Кусейин Карасаев менен баш кошуп, 70 жыл чогуу өмүр сүрүшкөн. Ал Кусейин Карасаевдин бардык илимий эмгектеринин редактору болгон.
* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы советтик жана орусиялык эстрада, жаз ырчысы, актриса Лариса Долина Азербайжандын Баку шаарында төрөлгөн. Ырчынын музыкалык карьерасы 1971-жылы "Мы одесситы" эстрадалык оркестринде башталып, 1998-жылы "Орусиянын Эл артисти" наамын алган. Лариса Долина актриса катары "Бархатный сезон", "Мы из джаза", "Остров погибших кораблей", "Сувенир для прокурора" тасмаларында роль жаратып, 70тен ашык кино жана мультфильмдерде үн коштогон.
* Мындан 57 жыл мурун, 1958-жылы америкалык кинорежиссёр, сценарист, продюсер жана жазуучу Крис Коламбус АКШнын Пенсильвания штатындагы Спенглер аттуу жеринде туулган. Крис Коламбустун атагын дүйнөгө тааныткан "Один дома" тасмасы болгон. Режиссёр бул тасманы 1990-жылы тартып, ал 1992-жылы дүйнөдөгү эң ийгиликтүү тасмалардын катарынан үчүнчү орунду ээлеген. Крис Коламбус 1992-жылы тасманын уландысын тартып, ал "Один дома-2: Потерянный в Нью-Йорке" деп аталган. Крис Коламбустун башка ийгиликтүү тасмаларынын катарына "Миссис Даутфайр", "Двухсотлетний человек", "Гарри Поттер и философский камень" (2001), "Гарри Поттер и тайная комната" (2002) кирет.
10-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baha0306
2015-09-10 15:23:51
Нурлан, туулган кунун кут болсун! Омурун узун болуп, талыкпай элине кызмат кыла бер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан