Бишкек шаардык ИИББи 28-февралда кыз зордуктоо кылмышына шектүү 21 жаштагы Бакай аттуу жаран кармалганын билдирди. Кармалган жаран Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылынын тургуну экендиги белгилүү болду. Ал 16 жаштагы М.А. аттуу кызды зордуктоо кылмышына айыпталууда. Окуя Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндө жайгашкан «Ак-Сай» мейманканасында болуп өткөн. Бул аракет боюнча учурда тергөө иши жүрүп жатканы айтылды.