Бишкек шаардык ИИББи өткөн 2 сутка ичинде мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн 2 адам кармалганын билдирет. Айта кетсек, 27-февраль күнү саат 20:00 чамасында шаардын Горький-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен 30 жаштагы Т.К. аттуу жаран кармалып, андан эч кандай каттоосу жок тапанча алынды.
Ал эми 28-февралда саат 20:00да Тыныстанов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 20 жаштагы Э.К. аттуу жаран кармалып, документсиз травматикалык тапанча көтөрүп жүргөндүгү белгилүү болду. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.