ЭЛДИК КАБАР: Токмокто жолду оңдоо үчүн казып, ошол бойдон таштап салганы элге ыңгайсыздык жаратууда

"Токмок шаарында негизги жолдордун бири - Шамшы көчөсү. Жолду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн кээ бир жерлерин казышкан. Ошол аң-чөнөктөр 20-августтан бери турат. Же оңдоп бүтүрүшпөдү, же жол белги коюшпады. Ушул бойдон таштап салганы элге ыңгайсыздык жаратууда. Ооруканага да ушул жол менен барышат",- деп окурман 10-сентябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle
2015-09-11 08:19:45
Шайлоого даярданып жатышат, шайлоо буткон сон баштайм дейт. Бирок отбой калып, ремонт калып кетбесе болсо.
0
Akmosha
2015-09-11 09:28:02
Чындап эле ондолбой жатат,кокустан машине антарылып,донголоктор жарылып кетиши да мумкун бул жолдон.Бир эле жолдо ойдо ылдый журуп жатат машинелер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан