"Биз таза жана ачык шайлоолорду камсыз кылууга милдеттүүбүз, шайлоолордун жыйынтыгы жарандарга шек туудурбашы керек",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-сентябрда өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында.
Коргоо кеңешинин жабык эшик артында өткөн жыйынында парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланганын президенттик аппараттан кабарлашты. Бул маселе боюнча жыйын катышуучулары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун жана Кыргыз Республикасынын 1-Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин баяндамаларын угушту.
Абдраимовдун айтымында, парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү боюнча иштер аяктоо алдында турат. Учурда шайлоочулардын тизмесин түзүү жана участкалык шайлоо комиссияларын даярдоо процесси жүрүп жатат. Ошону менен бирге Тайырбек Сарпашев жана Туйгунаалы Абдраимов жакынкы аралыкта жоюла турган айрым бир техникалык мүнөздөгү мүчүлүштүктөр бар экенин белгилеп өтүштү. Ошондой эле өкмөттүн, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилери бардык маселелер жакынкы аралыкта чечилет, шайлоолор жакшы деңгээлде өтөт деп ишендиришти.
Президент парламенттик шайлоолорду максималдуу ачык жана таза өткөрүү үчүн өкмөт шайлоого даярдык көрүүгө байланыштуу бардык маселелерди чечүүгө тийиш экенин баса белгиледи. “Өкмөт жетекчилери персоналдуу жоопкерчилик тартышат. Биз таза жана ачык шайлоолорду камсыз кылууга милдеттүүбүз, шайлоолордун жыйынтыгы жарандарга шек туудурбашы керек. Бийликке эл шайлаган, элдин ишенимине татыктуу болгон адамдар келиши керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчы 2010-жылга чейин болуп келгендей азыр бийликтегилер шайлоо процессине кийлигишпей тургандыгын, административдик ресурстарды пайдалануу фактылары жана башка ар кандай мыйзам бузуулар катуу жазаланарын белгиледи. “Шайлоолорго даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штаб менен укук коргоо органдары бул сыяктуу маалыматтарга дароо реакция жасоого милдеттүү. Ошол эле учурда шайлоолорго катышкан партиялардын лидерлери алардын моюнундагы жоопкерчиликти толук түшүнүшү керек. Алар дагы таза шайлоо өткөрүүгө, шайлоочулардын тизмесин түзүү процессин жана алардын добуштарын эсептөөнүн ачык болушуна кызыкдар. Күч түзүмдөрү тигил тараптан да, бул тараптан да мыйзам бузууларга чечкиндүүлүк менен чараларды көрөт деп эскертип кетейин”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчы өкмөт менен Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин катышуучуларына да, жалпы калк арасында да маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Президент алдыдагы шайлоолор эркин жана демократиялуу мамлекет курууга багыт алган өлкөнүн өнүгүшү үчүн тарыхый мааниге ээ экенине да токтолду.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Коргоо кеңешинин мүчөлөрү тиешелүү чечим кабыл алышты.