22-февралда Москва шаарында кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Маалыматка таянсак, Өзгөн районунун 27 жаштагы тургуну Бактыяр Мадалиев курулуш имараттарынын биринде иштеп жатканда тирөөч басып каза тапкан. Каза болгон адамдын туугандары элчиликтин кызматкерлери менен биргеликте маркумдун сөөгүн өз мекенине жеткирүү үчүн тиешелүү документтерди топтошкон. Бүгүн, 1-мартта сөөк Москвадан Кыргызстанга учак менен жөнөтүлмөкчү. Ал эми кырсыктын келип чыгуу себептери жана жумуш берүүчүнүн өздүгү иликтенип жатат.