Илгертен Аксы, Чаткал, Ала-Бука эли чыгаан уулдарын барктап, керек болсо ак кийизге отургузуп хан шайлап келген. Жакпаган бийликти тоодон түшүп келип бир түндө эле алмаштырып койгон эл катары тарыхта калганы белгилүү. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын маалымат кызматы билдирди.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясы бул аймактардын эли менен жолугушууларын баштады. Буга чейин Ала-Бука, Аксы райондорунда МТСтерди (машина-трактордук ишкана) ачып, Чаткалдын дыйкандарын көчмө техсервистер менен камсыз кылган партия 3 жылдан бери тоолуу аймактын элинин саламаттыгын “Жүрөгүңдү сакта” долбоорунун негизинде текшерүүдөн өткөрүп, ооруканаларга толук шарттуу палаталарды жасап, Кербен шаарынын спорттук клубуна, айылдык мектептерге жардамын аябай, көптөгөн айыл көйгөйлөрүн чечип келгени үчүн Бакыт Төрөбаев баш болгон партия мүчөлөрүн калың эл өз уулундай тосуп алганы айтылат маалыматта. Аксакалдар кучактап учурашып, алкоолор менен ыраазычылыктарын айтып, баталарын беришти. Жазында Аксы районунун жер көчкү түшкөн айылына партиянын биринчилерден болуп жардамга келиши жергиликтүү тургундардын эсинде экени, аянтка эл болуп көрбөгөндөй көп чогулуп, алыскы Чаткалдын жашоочулары да бул жолугушууга атайын келишкени, алар “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын айыл чарба жана ирригация жаатында жүргүзүп жаткан иштерин бир добуштан колдошорун билдиришкени айтылды.
Жолугушууда партия төрагасы Бакыт Төрөбаев элди партиянын "Жердин касиетине, суунун баркына жана элдин эркине" негизделген идеологиясы менен тааныштырып, партиянын алдыга койгон максаттарына токтолду. Бул айтылган маалыматтар чогулган калкты кайдыгер калтырбаганы, айрыкча жер иштетүү багытындагы программалары дыйкандардын чоң утушу болору белгиленди. Лидер айыл чарба жанданмайынча өлкө экономикасында өсүш болбой турганын, аталган аймактарды кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу менен гана өнүктүрсө болорун айтты. Аксы жергесинде кара өрүк, алча, алма өңдүү мөмө-жемиштерин кайра иштетүү мекемесин ачуу зарылдыгын белгиледи.
Чек арага жакын жайгашкан бул аймактарга өзгөчө статус берүү маселеси да көтөрүлүп, андагы аскер бөлүкчөлөрүнүн абалын чыңдоо учурдун талабы экени айтылды жолугушууда. Чек ара маселесине олуттуу көңүл бөлүп, көйгөйлөр учурунда чечилсе, биринчиден, өлкө коопсуздугу үчүн, экинчиден, эки тараптуу соода жүргүзүүдөгү мамилелер жакшыра тургандыгын айтат партия төрагасы. Жолугушууда партиянын курамындагы жаш дарыгер Ала-Бука районунун талапкери Флора Рысматова өз сөзүндө: "Жаңы төрөлгөн наристелердин, энелердин ден соолугуна кам көрүшүбүз зарыл. Алар буга муктаж. Керек болсо ооруканадан чыгарда энелик капитал берүү шарт. Бул наристелерге болгон камкордук. Ал эми балдар – биздин келечегибиз",- деп билдирди.
Акыркы жылдары бул аймактардын эли куру убадалардан тажап, партияларга болгон ишенимдерин жоготушканы, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тургундарды жаңыча күч жана дем менен жашоого багыт бергени, тургундар үмүтү жалгыз ушул партияда экендиктерин айтышканын билдирет партиянын маалымат кызматы.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.