Ушул жылдын 11-13-октябрында Азербайжандын Баку шаарында грек-рим күрөшү боюнча өтө турган "Golden Grand Prix" Эл аралык мелдештин финалдык беттешине кыргызстандык 3 күрөшчү катышат. Маалым болгондой, бул иш-чарага Каныбек Жолчубеков, Атай Кочукулов жана Руслан Царев катышмакчы. Эскерте кетсек, 23-24-февраль күндөрү Венгриянын Сомбатхей шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште Каныбек Жолчубеков 3-орунга, Атай Койчукулов менен Руслан Царев 50-орунга татыктуу болушкан.