Кыргыз жеринде 8 айда курулуш тармагындагы 1169 адиске квалификациялык сертификаттар берилди

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2015-жылдын 8 айында курулуш тармагындагы адистерге 1169 квалификациялык мамлекеттик сертификаттарды берди. Мекеменин билдиришинче, сертификаттардын көбү Бишкек шаарындагы адистерге берилген. Аймактар боюнча:
Бишкек шаары - 708 сертификат
Чүй облусу - 115
Талас облусу - 25
Ысык-Көл облусу - 82
Ош облусу - 108
Баткен облусу - 35
Жалал-Абад облусу - 71
Нарын облусу - 25 
"Талапка ылайык келбеген 104 адиске сертификат берүүдөн баш тартылды. 655 адистин сертификатынын мөөнөтү узартылса, Борбордук окуу комбинатына 12 адам жиберилди",- деп айтылат маалыматта. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан