25-февралда Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушундагы көмөк чордонунан токко тартылып өлгөн 40-45-жаштагы жаран табылды. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул күнү аталган конуштагы Көнөрчөк көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин электр жарыгы өчүп калып, үй ээлери “Түндүк электр” ишканасына билдирүү жөнөтүшкөн. Электр кызматкерлери көмөк чордонду кароого келишкенде токко тартылып каза болгон адамдын денесин табышкан. Учурда бул иш боюнча Октябрь РИИБи тарабынан иликтөө жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.