
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы ырчы
Асел Турдалиева Фрунзе шаарында төрөлүп, 6 айлыгынан баштап Нарын облусунда чоң энесинин колунда өскөн. 8-классты аяктагандан соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. Ташкенттеги Театр искусствосу институтун бүтүрүп келип, 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында актриса болуп иштеген.
Алгач сахнага "Жаз жамгыры" ыры менен чыккан. 1994-жылы Бек Борбиевдин "Бек" аталышындагы тобунда ырдап, 1995-1996-жылдары өзү "Асел Азия стайл" тобун түзүп, өз алдынча иштей баштаган. 2000-жылдан баштап Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу болуп иштеп, учурда (2015-ж.) кафедранын доцентти, сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы.
Асел Турдалиева 2007-жылы КРнын Президентинин Ардак грамотасын, 2009-жылы "КРнын Эмгек сиңирген артисти", 2012-жылы "Маданияттын мыкты кызмматкери" наамдарынын ээси болгон.

* Мындан 92 жыл мурун, 1923-жылы Улуу Ата Мекендик согушта аялдар арасында алгачкы жолу "Улуу Ата Мекендик согуштун Баатыры" наамын алган партизан
Зоя Космодемьянская Тамбов облусунда төрөлгөн. Ал Батыш фронтунун диверсиялык-чалгындоо тобунда кызмат кылган. 1941-жылы немистердин тылына түшүрүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлердин эрдигинин белгиси болуп калган. Анын образы адабий чыгармаларда, публицистикада, кинематографияда, живописте, монументалдык искусстводо, музей экспозицияларында чагылдырылган.
Зоя Космодемьянская 1941-жылы 29-ноябрда Петрищеводо каза болгон.

* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы АКШда
“Битлз” тобунун “Уesterday” ыры жарыкка чыккан. Ырдын автору Пол Маккартни болгон. Ыр тез убакыттын ичинде хитке айланып, АКШ, Канада, Жаңы Зеландия жана башка өлкөлөрдүн хит-параддарында узак убакыт биринчиликти бербей келген.

* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы орусиялык ырчы
Ираклий Пирцхалава Москвада туулган. Ираклий 16 жашында эң алгачкы ырын жаздырып, ал эми 1990-жылдардын аягында 2000-жылдардын башында "Тет-а-Тет" тобунда ырдаган. Ырчы 2003-жылы "Фабрика звёзд" музыкалык долбооруна катышып, ошондон улам анын атактуулугу арта баштаган. Ошол убакта Ираклий Пирцхалаванын "Вова-чума", "Лондон-Париж", "Время" аттуу ырлары хитке айланып, 2004-жылы "Лондон-Париж", 2005-жылы "Капли абсента" ырлары үчүн "Алтын граммофон" сыйлыгына ээ болгон.